Шаар тургундары нааразы: Бишкектеги аялдамалар унаа токтотуучу жайга айланууда
Бишкекте шаар тургундары коомдук транспорт аялдамаларындагы Жол кыймылынын эрежелерин бузуу көйгөйүн кайрадан көтөрүп жатышат. Кезектеги көрүнүш Москва көчөсүндөгү республикалык оорукананын жанында катталды. Анда аялдаманын аймагы жеңил унааларга толуп калган.
Токтоп турган унаалардан улам автобустар аялдамага тоскоолдуксуз келе албай калышкан. Натыйжада жүргүнчүлөр жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыгууга жана кооптуу шарттарда коомдук транспортко түшүүгө мажбур болушкан.
Шаардыктардын айтымында, мындай көрүнүш бул аялдамада эле эмес, борбордун башка көптөгөн райондорунда да байкалууда.
Бишкектин тургундары айрым айдоочулар аялдамалардын максатын тоготпой, аларды унаа токтотуу же убактылуу токтоп туруу үчүн колдонуп жатышканын белгилешет.

Тургундар мындай эреже бузуулар коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратып, жолдордо тыгындарды пайда кылып, жол-транспорт кырсыктарынын коркунучун жогорулатарын баса белгилешет. Шаардыктар коомдук транспорт аялдамаларынын жанында Жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана эреже бузуучуларга карата чара көрүүгө чакырышат.
Сиз жаңылыкты 0555312024 номери боюнча WhatsApp’ка жөнөтүп кабарлай аласыз.