USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров: «Шахмат мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири»

12:25, 04 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «2026—2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты — шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын калыптандыруу болуп саналат.

Буга байланыштуу өлкөдөгү 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 3—5-класстардын окуучулары үчүн кошумча шахмат ийримдери түзүлүп, «Мектептердеги шахмат» долбоору пилоттук режимде киргизилет.

Ошондой эле «Жылдын мыкты шахматчысы», «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» деген президенттин атайын сыйлыктары уюштурулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18