USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте «Кыргызстан — Түрк киносунун күндөрү» эл аралык кинофестивалы башталды

10:35, 04 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында «Кыргызстан — Түрк киносунун күндөрү» эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чара кызыл килемден башталып, ага түрк киноиндустриясынын өкүлдөрү, кыргызстандык кинематографисттер, маданият ишмерлери жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кинематография башкы башкармалыгынын башкы директору Бирол Гүвен куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал мындай маданий долбоорлор эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Эске салсак, Түрк киносунун күндөрү 7-июнга чейин уланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18