USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, жол ачылды

10:05, 04 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260—274-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Жеринде № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол ачылды.

«Айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18