USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Алмамбет Шыкмаматов Профессионалдык бокс лигасынын ардактуу президенти болду

17:16, 03 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын Профессионалдык бокс лигасынын ардактуу президенти болуп дайындалды.

Уюмдан билдиришкендей, мындай чечим 12-майда Профессионалдык бокс лигасынын коллегиясынын жыйынында кабыл алынган.

Алмамбет Шыкмаматовго ардактуу президенттин медалын лиганын президенти Шайлообек Атазов тапшырды.

Бул ардактуу макам мамлекеттик курулушка, укуктук системаны өнүктүрүүгө, мамлекеттик бийлик институттарын чыңдоого кошкон олуттуу салымы, жигердүү коомдук-саясий ишмердүүлүгү, ошондой эле спортту, жаштарды өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого багытталган демилгелерди колдогону үчүн ыйгарылганы белгиленет.

Лигадан Кыргызстанда профессионалдык боксту жана спорттук долбоорлорду өнүктүрүүгө мындан ары да көмөк көрсөтүлөрүнө үмүттөнөрүн баса белгилешти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18