USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ысык-Көлдүн жээгинде боз турнанын уя салганы катталды

17:09, 03 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл мамлекеттик коругунун «Жети-Өгүз» тилкесинде корукчу тарабынан боз турнанын уясы табылган. Ал көлдүн жээгиндеги саздак жерде жайгашканын Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү ушул эле тилкедеги талаанын четинен эки балапаны бар жуп боз турна табылган.

Учурда корукчулар турналарды коргоого алып, аларга байкоо жүргүзүшүүдө. Ысык-Көл коругунун илимий кызматкери С.Кулагин боз турнанын Ысык-Көлдө алгачкы жолу уя салганы тууралуу илимий макала жазган. Макала Москвага, Евразиянын турналар боюнча эл аралык жумушчу тобунун бюллетенине жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, ушул убакка чейин өлкөнүн тарыхында боз турнанын уя салганы Чүй өрөөнүндө бир гана жолу 1958-жылы катталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18