USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Нарын: Баетов айылында Калкты тейлөө борбору курулууда

16:59, 03 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаңы Калкты тейлөө борборунун курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып жатат.

Объекттин курулушу параллелдүү долбоорлоо ыкмасын колдонуу менен жүргүзүлүүдө. Имараттын жалпы аянты 2 миң 215 чарчы метрди түзөт. Борбор үч кабаттан, анын ичинде жер төлөдөн турат жана жарандарды кабыл алуу, ошондой эле аларга кызмат көрсөтүү үчүн заманбап шарттарды камсыздайт.

Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган. Учурда объекттеги иштер бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Курулуштун сапаты жана ар бир этапта иштердин аткарылышы Курулуш министрлигинин профилдик бөлүмдөрүнүн көзөмөлүндө.

Долбоор социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18