USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте бир жумадан бери дайынсыз жоголгон 15 жаштагы кыз изделүүдө

14:17, 03 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин кызматкерлери дайынсыз жоголгон 2010-жылы туулган Турарова Арай Канатовнаны издеп жатат.

Милициянын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 25-майында болжол менен саат 19:30да кыз «Арча-Бешик» конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон ушул күнгө чейин кайда экени белгисиз бойдон калууда.

Өзгөчө белгилери: бою 145–150 сантиметр, арык чырай, кара тору, чачы узун жана кара, жоолук салынбайт.

Жоголгон учурда ак футболка, кара шорты жана ак бут кийим кийип жүргөн. Өзгөчө белгилери жок.

Бул факт Ленин райондук ИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Учурда милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Кыздын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан Ленин райондук ИИБдин төмөнкү телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранышат:

  • (312) 35-29-47;
  • (312) 35-12-70;
  • (224) 21-43-46.

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18