USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандагы жол курулушу рекорддук көрсөткүчтөргө жетти

11:30, 03 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү жол инфраструктурасынын рекорддук темп менен өнүгүп жаткандыгын билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, унаа жолдорун куруу жана реконструкциялоо көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 эсеге өстү.

Эгерде 2025-жылдын июнь айына карата республика боюнча 94,3 чакырым жолго асфальт төшөлгөн болсо, 2026-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 301,9 чакырымга жетти.

Министрликтен мындай олуттуу өсүш Президент Садыр Жапаровдун колдоосунун, ошондой эле жол тармагындагы колдо болгон ресурстарды жана техникаларды натыйжалуу пайдалануунун аркасында мүмкүн болгонун белгилешти.

«Жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө турат», — деп билдиришти ведомстводон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18