VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көркөм өнөр боюнча сынактын тандоо туру башталды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Маданий программасынын алкагында өтүүчү көркөм өнөр багыттары (живопись, скульптура) боюнча Республикалык сынактардын тандоо туру башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жанажаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сынактардын негизги максаты — көчмөндөрдүнтарыхый-маданий мурасын заманбап көркөм өнөр аркылуудаңазалоо, таланттуу сүрөтчүлөрдү колдоо жана улуттуккөркөм баалуулуктарды сактоо болуп саналат.
Сынакта тандалынып алынган эмгектердин жыйынтыгы менен Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунун базасында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы музей коллекциясы түптөлөт.
Жеңүүчү деп табылган эмгектер мамлекеттик музей фондун толуктоого сунушталат.
Тандоо туру 2026-жылдын 7-июнунда төмөнкү жайларда өткөрүлөт:
Живопись багыты боюнча — Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде;
Скульптура багыты боюнча — Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун «Эмен багы» сүрөт галереясында.
Катышуу жолдору:
Талапкерлерге коюлган талаптар жана арыздын формалары тууралуу толук маалымат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайттарында жайгаштырылган.
Катышуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн арыздарды кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт.