Бишкекте электр көмөк чордондорунун кубаттуулугу жогорулады
Бишкекте 581 даана жабдууга техникалык тейлөө жүргүзүлүп, тогуздан ашык көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жумуштар электр энергиясына болгон тарифтик каражаттардын эсебинен каржыланууда, бул эскирген объекттерди этап-этабы менен жаңылоого мүмкүндүк берет.
Үстүбүздөгү жылы чыңалуусу 35/110/220 киловольт болгон көмөк чордондордо 215 даана жабдууну капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылган.


