Дүйнө чемпионаты-2026: Криштиану Роналду Португалия курама командасына келди
Португалия курама командасы Дүйнө чемпионаты алдындагы машыгуу жыйынын баштады. 41 жаштагы чабуулчу курама команданын лагерине келгенин социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөп билдирди.
«Дүйнө чемпионаты миссиясы башталууда ?!» — деп жазды Роналду.
Дүйнө чемпионаты-2026 ушул жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. К тайпада Португалия курама командасы Конго ДР, Өзбекстан жана Колумбия менен кез келет.