USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кытайда жол кырсыгынан улам Кыргызстандын жараны каза болду

13:05, 01 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кытай Эл Республикасынын Синьцзинь-Уйгур автономиялуу районунун Или-Казак автономиялуу округуна караштуу Кулжа шаарында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2003-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны О. К. каза болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жол кырсыгына тиешеси бар унаанын айдоочусу кармалган. Учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Кытайдын компетенттүү органдары, медициналык мекеме жана каза болгон жарандын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Азыркы күндө элчилик маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин чечүүдө.

Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, чет мамлекеттерде каза болгон Кыргызстандын жарандарынын туугандары КР өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 169 токтомуна ылайык, репатриациялык чыгымдарды жабууга багытталган мамлекеттик бир жолку төлөмдү («Жүк-200») алууга укуктуу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18