USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

10:05, 01 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 1-июндан тартып 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул этапта ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге балдарын каттай алышат.

Каттоо үчүн:

  • 1mektep.edu.gov.kg порталына кириңиз;
  • ата-эне же мыйзамдуу өкүл катары катталыңыз;
  • жеке кабинетке кирип, «Өтүнмө берүү» баскычын басыңыз;
  • мектепти жана окутуу тилин тандаңыз;
  • арызыңызды ырастаңыз.

Эске салсак, 2026—2027-окуу жылы үчүн 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18