USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров Астанада ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышууда

16:29, 29 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Астана шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңейтилген курамдагы жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу  президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Армения вице-премьери Мгер Григорян катышууда.

Кеңейтилген курамдагы жыйынга байкоочу өлкөлөрдүн делегация башчылары: Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Кубанын вице-президенти Сальвадор Меса жана Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Атабак кошулду.

Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин катышуучулар кеңири курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.

Жыйындын соңунда катышуучулар бир катар документтерге кол коюшат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18