USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Сулайман-Тоодогу көрүстөндөрдү иретке келтирүү иштери уланууда

15:42, 29 мая 2026, Бишкек - 24.kg

«Сулайман-Тоо» музей- комплексинин коргоого алынган аймагында жайгашкан көрүстөндөрдүн абалын жакшыртуу максатында мамлекеттик мекемелер биргелешкен иштерди жүргүзүүдө.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча, бул иштин алкагында Сулайман-Тоодогу көрүстөндөрдүн экологиялык абалын жакшыртуу, өрт коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле келген коноктор менен зыяратчыларга шарттарды түзүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан тиешелүү фатва чыгарылып, темир тосмолорду ээлеринин макулдугу менен алуу маселеси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ушуга байланыштуу, Сулайман-Тоодо жайгашкан мүрзөлөрдүн жакын туугандарына 2026-жылдын 7-июнуна чейин темир тосмолорду алууга макулдук берүү өтүнүчү айтылат.

Маалымат үчүн: Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы көрүстөндөргө 1978-жылдан тартып сөөк коюуга тыюу салынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18