USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

15:15, 29 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 29-майда саат 14:15те Кыргызстандын аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Казарман айылынан болжол менен 27 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Ош шаарында да сезилген. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү канча баллга жеткени тууралуу маалымат такталууда.

Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок. Адистер сейсмологиялык кырдаалга көз салууну улантышууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18