USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандын чек арасынан 31 баш малды мыйзамсыз өткөрүү аракети токтотулду

14:13, 29 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкерлери мамлекеттик чек ара аркылуу малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талпак жергесинде Чек ара кызматчылары чек ара сызыгынан 150 метрдей аралыкта мамлекеттик чек араны көздөй айдалып бара жаткан 31 баш майда мүйүздүү малдар аныктаган.

Мал кайтарган эки белгисиз жаран майда мүйүздүү малды таштап, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Кармалган мал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Учурда малдын ээлерин, ошондой эле окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18