USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Данияр Иманалиев: Беш жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПнын өсүшү 16,6 пайызды түздү

10:05, 29 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Беш жылдын ичинде Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ИДПсынын жалпы өсүшү 16,6 пайызды түздү. Бул тууралуу журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 18,9 пайызга, ал эми айыл чарбасындагы көрсөткүчтөр 12,4 пайызга өскөн.

Данияр Иманалиев ЕЭК интеграциялык аракеттердин натыйжалуулугун эсептеп чыга турган атайын иштелип чыккан методологияны колдонорун түшүндүрдү.

Интеграциядан биримдиктин ИДПсына кошулган жалпы салым болжол менен 43 миллиард долларды түздү. Бул өз кезегинде ИДПнын жалпы көлөмүнө кошумча 1,7 пайызды берди.

«Өз ара соодада 25 пайыздык өсүш катталды. Ошондой эле өз ара эмгек миграциясынан түшкөн интеграциялык натыйжа да жогорулады. Ал 56 пайызга өсүп, болжол менен 25 миллиард долларды түздү», — деди Данияр Иманалиев.

Ал кошумчалагандай, ЕЭК соода келишимдеринин алкагында Иран жана Вьетнам менен иш алып барууда. 2015-жылы Сербия менен келишимге кол коюлган. Монголия, Индонезия жана Бириккен Араб Эмираттары менен келишимдер түзүлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18