Пайдалуу кеңеш: Дени сак адамдардын оозу эмне үчүн тез-тез кургайт?
Дени сак адамдардын оозунун тез-тез кургашы көбүнчө кофеиндин ашыкча болушунан, ооз менен дем алуудан же белгилүү бир дары-дармектерди кабыл алуудан улам келип чыгат. Бул тууралуу «Лента.ру» басылмасына берген маегинде медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер Ольга Уланкина билдирди.
Кофе жана коюу чай диуретикалык касиетке ээ болуп, суюктуктун бөлүнүп чыгышын тездетет. Бул болсо шилекейдин иштелип чыгышын убактылуу азайтат. Бул калыбына келүүчү абал жана суу балансын толуктагандан кийин өтүп кетет. Ал эми бөлмөдөгү аба кургак болгон учурда абаны нымдагычтар жана мурун менен дем алууну калыбына келтирүү жардам берет.
Дарыгер бул өз алдынча оору эмес экенин жана жагымсыз симптомдор адис-даагердин көзөмөлү астында дарылоону түзөтүү аркылуу жоюларын белгиледи.