USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

VI Көчмөндөр оюндары: Көк бөрү жана Көкпар мелдеши өз-өзүнчө дисциплинада өтөт

07:45, 29 мая 2026, Бишкек - 24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Көк бөрү жана Көкпар оюндары боюнча мелдештер өз-өзүнчө дисциплинада өткөрүлөт. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата маалыматтык жыйынында белгилүү болду.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук иш-чараларга жалпысынан 2800 — 3000дей спортчулар катышып, 43 спорттун түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Анын жыйырмасы улуттук спорттун түрлөрү, ал эми калганы чет өлкөлүк спорттун түрлөрү болмокчу.

Эскерте кетсек VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Салтанаттуу ачылыш аземи Бишкек шаарындагы жаңы «Бишкек аренада» уюштурулса, спорттук оюндар Ысык-Көлдө уюштурулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18