USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкектеги Тарых музейинин жетекчилиги алмашты

16:19, 28 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова жаңы кызматка өткөндүгүнө байланыштуу эмгек жамааты менен расмий түрдө коштошту.

Музейден билдиришкендей, ал мекемедеги төрт жылдык ишмердүүлүгүндө аткарылган иштердин отчетун сунуштады.

Жылдыз Бакашованын айтымында, бул убакыт ичинде 31 гранттык долбоор ишке ашырылып, санариптештирүү жүргүзүлгөн. Эл аралык уюмдар менен кызматташтык чыңдалып, ар кандай акциялар жана иш-чаралар өткөрүлгөн.

Музейдин эмгек жамааты жана кесиптик бирлиги ага жаңы кызматында ийгиликтерди каалашты. Ал эми Маданият министрлигинен 24.kg басылмасына билдиришкендей, жаңы жетекчи жамаатка азырынча тааныштырыла элек.

Айрым маалыматтарга караганда, музейдин директорлук кызматын Түрк маданияты жана мурасы фондунун эксперт-изилдөөчүсү Назгүл Өмүрзакова ээлеши мүмкүн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18