USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Фестиваль, бий жана даамдуу тамактар: Бишкекте 1-июнда балдарды эмнелер күтөт?

15:33, 28 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жыл сайын 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чараларга чакырат.

Саат 10:00дөн тарта Ала-Тоо аянтындагы фонтан аянтчасында көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат: фотозоналар, кызыктуу сынактар, мастер-класстар, спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук тамак-аштар сунушталган фудкорттор иштейт.

Ошондой эле VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын алкагында саат 17:00дөн тарта Ала-Тоо аянтында чет өлкөлүк катышуучулардын өнөрлөрү көрсөтүлүп, Балдар чыгармачылык борборлорунун концерттери өтөт. Кечинде майрамдык дискотека жана достук кечеси уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары, борбор калаанын коноктору жана жаш бишкектиктерди Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга катышууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18