Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү: Быйыл 425 бала чарчап калды
2026-жылдын январь — март айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 425 бала чарчап калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде чарчап калган ымыркайлардын саны 413тү түзгөн.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө өлүмдүн негизги себептери төмөнкүлөр болду:
- Перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдарга байланыштуу — 271 бала (чарчап калган балдардын жалпы санынын 64 пайызы);
- Тубаса кемтиктер менен — 81 ымыркай (19 пайызы);
- Дем алуу органдарынын ооруларынан — 46 бала (11 пайызы).
Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги перинаталдык кызматты 2030-жылга чейин реформалоону даярдап жатат.
Өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарынын катарына төмөнкүлөр кирет:
- Кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө жана бейтаптарды багыттоо тутумун өркүндөтүү;
- Медициналык жардамдын сапатына басым жасоо менен антенаталдык байкоо жүргүзүү стандарттарын кайра карап чыгуу;
- Пренаталдык скринингдин заманбап технологияларын киргизүү;
- Генетикалык лаборатория түзүү;
- Үй-бүлөнү пландаштыруу ишин өнүктүрүү.