USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Акыркы коңгуроо: ИИМ бүтүрүүчүлөрдү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды

11:36, 28 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 29-майда өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо иш-чарасы өтөт. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

ИИМден белгилешкендей, бүтүрүү иш-чараларына байланыштуу мектептен тышкары кошумча кечелерди уюштурууга, фейерверк жана кооптуу каражаттарды колдонууга, ошондой эле жашы жете электердин унаа башкаруусуна жол берилбейт.

Бүтүрүүчүлөрдү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды

«Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Эс алуу жайлары, кафе-ресторандар, көл жээктери жана унаа жолдору көзөмөлгө алынат», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги ата-энелерди, мектеп жетекчилерин жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18