USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда насыя портфелинин көлөмү 569 миллиард сомдон ашты

09:17, 28 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда насыя портфелинин көлөмү 569 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын апрель айынын аягына карата насыя портфелинин көлөмү 569 миллиард 800 миллион сомду түздү. Жыл башынан бери насыялардын көлөмү 12 пайызга өскөн.

Азат Козубеков ошондой эле апрель айынын аягында депозиттердин көлөмү 924 миллиард сомду түзгөнүн белгиледи. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 6,7 пайызга өскөн.

Депозиттерди долларлаштыруу деңгээли 18 пайызды, ал эми насыяларды долларлаштыруу болжол менен 12 пайызды түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18