Кытай дарыгерлери 1,5 миңдей кыргызстандыктын катарактасын дарылоого жардамдашты
Улуттук госпиталда «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында кытайлык адистердин гуманитардык офтальмологиялык миссиясы аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кытай Эл Республикасынан келген дарыгерлер Бишкекте катарактаны алып салуу боюнча акысыз операцияларды жасашты. Бул долбоор Кыргызстанда 2023-жылдан бери Улуттук госпиталь менен Ош облустар аралык биргелешкен ооруканасынын базасында ишке ашырылып келет.
Бул миссия квалификациялуу офтальмологиялык жардам көрсөтүү, сокурдуктун алдын алуу жана саламаттык сактоо тармагында гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.