USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

U-23: Өлкөнүн күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы Азия чемпионатынан келишти

07:45, 28 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатынан Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ала-Тоо балбандарын «Ак жол» өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, федерациясынын өкүлдөрү, агенттиктин кызматкерлери жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты Вьетнамда 23-31-май аралыгында өткөрүлүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18