USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Айт маарек болсун!

00:01, 27 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кыргызстандын мусулмандары эң маанилүү майрамдардын бири — Курман айтты белгилеп жатат. Бул күн элдин ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, берешендикти жана өз ара жардамдашууну даңазалайт.

24.kg редакциясы бүгүн алакан жайып, бир дубада бириккен, Жаратканга ибадат кылып жаткан бардык момун мусулмандарды майрамы менен куттуктайт. Ыйык Курман айт ар бир үйгө туруктуулук, береке-кут, өз ара түшүнүшүү жана шүгүрчүлүк алып келсин.

Бул майрам ар бир адамдын жүрөгүнө жаркын үмүттөрдү, боорукердикке жана кайрымдуулукка ишенимди жаратсын.

Бардык кыргызстандыктарга бекем ден соолук, тынчтык жана бардык жакшы иштеринде ийгиликтерди каалайбыз. Кылган ибадаттарыңызды, сооптуу иштериңизди кабыл кылсын жана үй-бүлөңүзгө бейпилдик, ырыскы, ынтымак каалайбыз. Жүрөгүңүздөр тынчтыкка, жакшылыкка толуп, бардык аруу тилектериңиз орундалсын!

Курман айт майрамыңыздар менен! Айтыңыз маарек болсун!

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18