USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чолпон-Атада туристтик сезонго карата электробустар ишке киргизилиши мүмкүн

15:38, 26 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Ата шаарында 10 электробус каттамга чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун шаар тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Коомдук транспорт маселесин Бостери айылынын тургуну Кубатбек Өмүрзаков көтөрдү. Анын айтымында, курорттук аймакка Бишкек жана Балыкчы шаарларындагыдай заманбап автобустар керек.

«Бизде туристтик аймак, ошондуктан бул жерде да ушундай автобустар каттап турса жакшы болмок», — деди ал.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү бул маселе учурда иштелип жатканын жана бийлик каржылоо булактарын караштырып жатканын билдирди. Ал эми Ысык-Көл районунун акими Жапар Ормонов Чолпон-Ата мэриясы бул долбоордун ишке ашуусун өз көзөмөлүнө аларын айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18