USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте Улуттук госпиталдын бейтабы жоголду. Жакындары жардам сурашат

11:20, 26 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Улуттук госпиталдан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 58 жаштагы Уркасымов Миранбек Оморович изделүүдө.

Жакындарынын айтымында, ал киши жасалган операциядан кийин эс тутумун жоготкон. Ал 25-майда саат 19:00 чамасында Бишкектеги Улуттук госпиталдан чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек.

Уркасымов Миранбек Оморович

Өзгөчө белгилери: боюу — 160 сантиметрге жакын, кара тору, башында операциядан калган тырыгы бар. Кийген кийимдери: кочкул кызыл футболка, көк пижама, байпаксыз торчо үй тапочкасы жана боз шапка.

Жакындары бул кишини көргөн, билгендер же жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0708 810002, 0706 806060.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18