USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Акыйкатчы институту кыйноолордун алдын алуу боюнча бир айлык жарыялады

11:30, 26 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Акыйкатчы институту 26-июнь күнү белгиленүүчү Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыялайт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир айлыктын алкагында Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери 13-майдан 25-июнга чейин жабык мекемелерде жолугушууларды өткөрүп, лекцияларды окушат. Иш-чаралар кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин алдын алууга, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарды сактоого багытталган.

«Ал эми 26-июнда соода борборлордо жана адамдар көп топтолгон жайларда маалыматтык-укуктук консультациялар уюштурулат.

Жарандар кызыктырган укугун коргоо жаатында кызыктырган суроолорго жооп алып, сотто укугун коргоо боюнча кенен маалымат, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине кабылганда кимге кайрылуу керектиги туурасында кеп-кеңештерди ала алышат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 26-июнь — Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Дал ушул күнү, 1987-жылы БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясы күчүнө кирген. Кыргыз Республикасы аталган конвенцияга 1997-жылы кошулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18