USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

АКШ элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Кыргызстандагы миссиясын аяктады

09:20, 26 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Америка тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Америка Кошмо Штаттарынын КРдагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Кейт Коллинз менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, бул багыттагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн айрым аспектилери боюнча пикир алмашышты.

Сейтек Жумакадыр уулу Кейт Коллинзге биздин өлкөдөгү миссиясынын аякташына байланыштуу мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18