USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандык окуучулар Хорватияда математика олимпиадасында 3 коло медаль утту

09:02, 26 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Хорватиялык жаш таланттуу математиктер ассоциациясы уюштурган эл аралык European Mathematical Cup (Европалык математикалык кубок) олимпиадасында Кыргызстандан катышкан окуучулар үч коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мелдеш 14 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Жеңүүчүлөр:

  • Нурайым Мухаматнабиева — коло медаль, 10-класстын окуучусу, «Акылман» президенттик лицейи;
  • Алиярова Камила — коло медаль, 10-класстын окуучусу, «Газпром Кыргызстан» мектеби.
  • Шакиралиев Адилет — коло медаль, Купуев академиясы.

Кыргызстан бул олимпиадага 2022-жылдан бери катышып келет. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн эсебинде 3 күмүш жана 5 коло медаль бар.

European Mathematical Cup эки категорияда өткөрүлөт — Junior жана Senior. Катышуучуларга 4 сааттын ичинде алгебра, геометрия, комбинаторика жана сандар теориясы боюнча 4 маселе чечүү тапшырмасы берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18