U-23: Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында дагы 6 медаль утту
Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатынын экинчи күнүндө Кыргызстан курама командасынын балбандары дагы 6 медаль жеңишти,алар 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Алтын медаль ээси:
Кайыркул Шаршебаева (72кг чейин)
Күмүш медаль ээси:
Залкарбек Табалдиев (70кг чейин)
Коло медаль ээлери:
Баяман Керимбеков (57 кг чейин)
Кутман Төлөбалдиев (97 кг чейин)
Танчолпон Кыбалбекова (57 кг чейин)
Гулнура Таштанбекова (65 кг чейин)
Мелдештер 31-майга чейин уланат.