Кытайдан келаткан кыргыз кыздарын чек арачылар «Торугарт» бекетинен тосуп алышты
Бүгүн, 25-майда кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз чек арачылары Кытайдан Кыргызстанга атчан саякатка чыккан этникалык кыргыздарды — Риза Дүйшөн кызын жана Гүлсанат Бейшен кызын салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саякатчы кыздарды тосуп алуу аземи кыргыз элинин улуттук меймандостук салттарын сактоо менен жылуу жана достук маанайда өттү. Мекен сакчылары кыздарга гүлдестелерди тартуулап, улуттук даамдар — ысык боорсок менен сары май сунуштап, алардын бул тарыхый миссиясына терең урмат-сыйын жана колдоосун билдиришти.
Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери саякатчыларды «Торугарт-унаа жол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин коштоп барышты. Ал жерден тиешелүү чек аралык жана көзөмөл процедураларынан өткөндөн кийин, кыздарды Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү чоң салтанат менен тосуп алышты.



