USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте футбол боюнча улуттук курама команданы колдоо жүрүшү өттү

14:35, 25 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасын колдоо максатында күйөрмандардын масштабдуу жүрүшү өттү. Жүздөгөн күйөрмандар «Үч улуттун кубогу» турниринин алдында командага дем-күч берүү үчүн чогулушту. Бул тууралуу Кыргыз футболбиримдигинен билдиришти.

Марштын катышуучулары темир жол вокзалынын жанына чогулуп, мамлекеттик тууларды, курама команданын атрибутикаларын, баннерлерди көтөрүп, ураандарды чакыруу менен борбор калаанын көчөлөрүнөн колонна менен өтүштү. Иш-чаранын атмосферасы биримдикке, патриоттук сезимге жана футбол энергиясына сугарылды. Акцияга жаштар, үй-бүлөлөр, жигердүү фанаттар жана шаардын ар кайсы райондорунун тургундары катышты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстандын улуттук курама командасы «Үч улуттун кубогу» мелдешине катышат.

3-июнда Кыргызстандын курамасы Кенияга каршы, ал эми 9-июнда Палестинага каршы ойнойт. Беттештер Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюндардын башталышы — саат 18:30да.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18