Бир жумада 27 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды
Үстүбүздөгү жылдын 18-майынан 24-майына чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан Жол кыймылынын эрежелерин бузуунун 27 миң 109 учуру аныкталды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 495;
- мас абалында унаа башкаруу — 310;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 250;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 2 112;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 240;
- авто ээнбаштык — 30;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 267;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 5;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 7 829;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 571 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.