USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда Starlink спутник интернети иштей баштады

09:17, 25 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда Starlink спутник интернети иштей баштады. Компаниянын расмий сайтында эми Кыргызстан спутник интернетине кошулууга мүмкүн болгон аймак катары белгиленди.

Сервистин расмий картасында кыргыз жана орус тилдеринде «Кыргызстан» баракчасы пайда болуп, биздин өлкөнүн кардарлары ала турган тармак жана кызматтар тууралуу маалымат берилди.

Starlink — бул Илон Маск тарабынан негизделген америкалык SpaceX аэрокосмостук компаниясы иштеп чыккан спутниктик интернеттин глобалдык тутуму. Анын максаты — интернет байланышы ишеничсиз, кымбат же такыр жеткиликсиз болгон жерлерди жогорку ылдамдыктагы кең тилкелүү интернет менен камсыз кылуу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18