USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым бөлүгүндө суу болбойт

08:03, 25 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 25-майда Бишкектин айрым бөлүгүндө суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-майда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев, Гагарин, Абдраимов, Балтагулов көчөлөрү, Ч. Айтматов проспектиси, ошондой эле Сухомлинов, Ш. Руставели жана Айни көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Суу берүү Жаманбаев көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканаларды, шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18