USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ысык-Көлдө келгин куштар арасынан сейрек кездешүүчү боз турналар байкалды

14:05, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Эколог жана изилдөөчү Гүлбара Оморова талаа изилдөөлөрү учурунда Ысык-Көлдүн чыгышында сейрек кездешүүчү боз турналарды жолуктурганын айтып берди.

Анын айтымында, Жыргалан жана Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгү канаттуулар үчүн маанилүү миграциялык каттамдардын бири болуп саналат.

«Мен турналардын үнүн угуп, алардын артынан чуркадым. Алар кичинекей суунун жээгине эс алуу үчүн конушуптур», — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Оморова бул ири канаттуулар көлдүн жээгин бойлой кеткен өрөөндөрдү жана шамал коридорлорун табигый учуп өтүү жолу катары колдонорун белгиледи. Алар үчүн өзгөчө ачык мейкиндиктер жана тынч аймактар абдан маанилүү.Боз турна Кыргызстанда сейрек кездешүүчү келгин куш болуп эсептелет. Аларды сезондук миграция учурунда Ысык-Көлдөн, Чүй өрөөнүнөн жана бийик тоолуу жайлоолордон көрүүгө болот.Изилдөөчү турналар ал үчүн эркиндиктин, үмүттүн, узак жолдун жана мекен менен болгон байланыштын символу экенин кошумчалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18