USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Агартуу министрлиги: Мугалимдерди класстарды оңдоп-түзөөгө тартууга тыюу салынат

13:39, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерин оңдоп-түзөө иштерине, өзгөчө жайкы каникул учурунда тартууга тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.

2025—2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 404 млн сом каралган. Буга чейин каражат негизинен курулуш материалдарын жана товарларды сатып алууга бөлүнүп келсе, эми утурумдук оңдоп-түзөө иштерин аткаруучу кызматтарга да каралган.

Бул багытта министрлик тарабынан бардык аймактык бөлүмдөргө расмий кат жөнөтүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо шыпыруу жана башка чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганы эскертилет. Мындай аракеттер мыйзам талаптарына каршы келет.

Министрлик мугалимдердин негизги милдети — окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин баса белгилейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18