USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Министрлер кабинети арашан койлорду сыртка чыгарууга коюлган чектөөнү алды

10:05, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети Арашан койлорун Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндөгү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү чечим 21-май күнү кабыл алынды.

Документке ылайык, убактылуу экспорттук чектөөдөн асыл тукум койлор, ошондой эле КР аймагында багылбаган жана мамлекеттик оператор — «Кыргыз Агрохолдинг» мамлекеттик ишканасы тарабынан экспорттолуучу малдар чыгарылды.

Буга чейин чектөөлөр өлкөдө өстүрүлгөн бодо мал, жылкы, кой жана эчкилерди сыртка алып чыгууга жайылтылып келген. Иштелип чыккан өзгөртүүлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана азык-түлүк товарларына болгон бааларды турукташтырууга багытталганы белгиленет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматына Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба жаныбарларын мыйзамсыз алып чыгууну токтотуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, Буга чейин Айыл чарба министрлигинин башчысы Эрлист Акунбеков «Арашан» породасындагы асыл тукум койлорду багуучулар менен жолугушууда бул породаны эл аралык рынокко чыгаруу пландары бар экенин билдирген болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18