USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Москвада кыргызстандык келиндин өлүмү:ТИМ сөөктү өлкөгө алып келүүгө жардамдашат

09:20, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада аянычтуу абалда киши колдуу болгон Т. Айгеримдин сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон ошондой эле РФ Тергөө комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары КР жараны, 1995-жылы туулган С.Ж. кармалганын маалымдашты.

Мындан сырткары, тергөө тарабынан каза болгон кыргызстандык аялдын өздүгү такталган — ал 1992-жылы туулган Т.А. болуп чыкты.

«Дипломаттар маркумдун туугандары менен байланыш түзүп, анын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин караштырып жатышат». — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Орусиянын Тергөө комитети 33 жаштагы Айгерим аттуу Кыргызстандын жаранынын аянычтуу өлтүрүлүшүн иликтеп жатат. Туугандары кыздын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн сөөгүн Люблин көчөсүндөгү ижарага алынган батирлердин биринен, дивандын ичинен табышкан.

Маркум кыз Москвадагы ооруканалардын биринде пол жуугуч болуп иштеп, эки мекендеши менен бирге эки бөлмөлүү батирде жашачу. Ал үстүбүздөгү жылдын 8-майынан бери байланышка чыкпай калган. Көзөмөл камералары Айгеримдин саат 21:00 чамасында өзү жашаган подъездге киргенин жана андан кийин дайынсыз жоголгонун каттап калган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18