USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ТИМ: Словения жана Оман менен визасыз режим күчүнө кирди

08:25, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын күчүнө киргендиги тууралуу маалымдайт.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, КР Министрлер Кабинети менен Словения Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу 2026-жылдын 1-майында күчүнө кирди.

Оман Султандыгынын Өкмөтү менен кол коюлган ушундай эле документ үстүбүздөгү жылдын 28-майында күчүнө кирет.

Бул документтер Кыргыз Республикасынын жана Словения Республикасынын дипломатиялык паспортторунун ээлери болгон жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Оман Султандыгынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу, транзит аркылуу өтүү жана убактылуу болуу үчүн визалык талаптардан бошотууну караштырат. Бул мөөнөт 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейинки убакытты түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18