USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Акыркы коңгуроо: Жол кыймылын тескөөчүлөр бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылды

15:46, 21 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Милициянын кайгуул кызматы Акыркы коңгуроо майрамына карата ата-энелерге кайрылып, мектеп окуучуларына унаанын ачкычын бербөөгө чакырды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалык айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы жок транспорт башкаруу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертип, бүтүрүүчүлөрдү, ата-энелерди жана мугалимдерди жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.

"Учурда республиканын бардык мектептеринде окуучуларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ар бирибиздин этият мамилебиз менен Акыркы коңгуроо майрамы коопсуз жана жагымдуу өтсүн",- деп билдирди башкармалык.

Өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 29-май күнү кагылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18