USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандык окуучу Тайванда эл аралык олимпиадада коло медаль утту

11:40, 21 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Тайванда 20-ирет Азия-Тынч океан эл аралык информатика олимпиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы олимпиадага дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 890го жакын окуучу катышты. Кыргызстан курама командасынын курамында олимпиадага онлайн видеокөзөмөл форматында 26 окуучу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 1 коло медаль жана 5 ардак грамота жеңип алышты.

Коло медаль:

  • Арапов Али — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби

Ардак грамоталар:

  • Мананов Рамазан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби
  • Айдарбеков Алихан — 12-класс, «Сейтек STEM» мектеби
  • Баймырзаев Аруубек — 9-класс, «Акылман» президенттик лицейи
  • Джаникеев Саид — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби
  • Кадыров Адилхан — 10-класс, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18