USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин иши боюнча сот процесси жылдырылды

11:25, 21 мая 2026, Бишкек - 24.kg

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин иши боюнча сот процесси жылдырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди.

Жактоочунун айтымында, отурум айрым айыпталуучулардын иш менен тааныша электигине байланыштуу жылдырылды. Мындан сырткары, жактоочулар иш боюнча колдо болгон далилдер боюнча тергөө органдарынын токтомдоруна Бишкек шаардык сотуна даттанышкан.

«Шаардык сот даттануу боюнча чечим чыгаргандан кийин, сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланат. Камчыбек Ташиев соттук отурумдарга катышат», — деп кошумчалады Икрамидин Айткулов.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда.

Жактоочу кылмыш иши маңызы боюнча каралуу үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилгенин билдирди. УКМКнын мурдагы башчысы менен бирге бул иш боюнча дагы жети айыпталуучу өтүп жатат.

Юристтин айтымында, кылмыш ишине купуялуулук грифи коюлган, демек, отурумдар жабык тартипте өтөт. Ал эми тергөө жана соттун маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18