Караколдогу нөшөр: Көп батирлүү үйлөрдүн жер төлөлөрүнөн суу сордурулуп жатат
Караколдо бир нече көп батирлүү үйлөрдүн жер төлөлөрүнөн суу сордурулуп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Восход» жана «Геология» кичи райондорундагы бир нече көп батирлүү үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптаган.
Кесепеттерди жоюуга шаардын жарандык коргонуу кызматтары тартылды. Учурда ал жерде шаардык суу чарба жана жол тейлөө башкармалыгынын 2 экскаватору, «Тазалык» ишканасынын 3 ассенизатордук унаасы, мотопомпа жана ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн куткаруучулары иштеп жатышат.
Азыркы тапта тазалоо жана сууну сордуруу иштери улантылууда.
Эске салсак, 19-май күнү Караколдо катуу нөшөрлүү жамгыр жааган. Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга көчөлөрдү суу каптап, суу күчтүү агым менен акканы тууралуу видеолорду жарыялашкан.