USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Доор өзгөрткөн билим: Бүгүн ата —энелер үчүн ачык диалог өтөт

08:20, 20 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 20-майда Агартуу министрлиги ата-энелер үчүн «Доор өзгөрткөн билим» аттуу ачык диалог өткөрөт. Бул тууралуу мекемеден билдирди.

Иш-чаранын алкагында жалпы билим берүү уюмдарында 12 жылдык мектептик билим берүүнүн биринчи жылындагы жыйынтыктар чыгарылып, ата-энелерди кызыктырган бардык суроолорго ачык жооп берилет.

Форум 20-майда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда башталып, андан соң бардык аймактарда уланат. Ошондой эле иш-чара Улуттук телерадиоберүү корпорациясы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Бардык кызыкдар тараптарды ачык диалогго чакырабыз. Суроолор бардык форматта кабыл алынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18